Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. колдо этишинин кош мамилеси. 2. Бир нерсени (мис. капты) кол менен алууга, көтөрүүгө жардамдашуу, кошо көтөрүшүү. Мына бу эгинди колдошо койчу, балам. Өгүзгө арта салып, жөнөп кетели («Ала-Тоо»). Эки бала чаканы колдошуп, суу алып келе жатышты («Адабий Ала-Тоо»).